Элвира Сурабалдиева: ИИМ атамдын каза болгонуна 12 жыл болгондо гана тапанчасын эстешти

9 декабря 2017 10:48 2227 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинде Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнөн 12 жыл өткөндөн кийин гана анын тапанчасын эстешти. Бул тууралуу анын кызы, парламенттин депутаты Элвира Сурабалдиева соцтүйүндөгү баракчасында билдирген.

Сурабалдиева, кечээ ИИМден чалып, атасынын тапанчасын кайрадан каттоодон өткөрүп коюуну сурашкан.

"Бүгүн, атамдын каза болгонуна 12 жыл болгондо, ИИМден телефон чалып атамдын сыйлыкка берилген тапанчасын кайрадан каттоо керектигин билдиришти. Тапанчаны атамды атып кетишкен күнү, 2005-жылы 10-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алып кеткен. Эми дагы бир беш жылдан кийин атамдын өлүмү тууралуу толук маалымат үчүн мени чакыртышат болуш керек деп болжотам", - деп жазды Сурабалдиева.

Эске салсак, 2005-жылы Бишкекте парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүп кетишкен, окуя болжол менен түшкү саат бирлерде, Сурабалдиев Орус драма театрынын жанында жайгашкан Ишкерлер фондусунун имаратынан чыгып келатканда болгон. Депутатты алты ирет атышкан, айдоочу дагы жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9610



Добавить комментарий