22 жаштагы кыз: «Жигитиме жагынуу үчүн пластикалык операция жасаттым, азыр катуу өкүнөм»

8 декабря 2017 16:54 4234 Barometr
Поделиться в:
ok

Гонконгдо 22 жаштагы Берри аттуу кыз жигитине жагынуу, батыштык моделдерге окшоо үчүн өзүнө 30 жолу пластикалык операция жасаткан. Биринчи операцияны 17ге толгондо кылдырган. Бирок учурда ал мындай ишине катуу өкүнүп турган кези. Берри үч жылдан кийин өзүнөн тогуз жаш улуу жигит менен сүйлөшүп баштаганда, ал дайыма кыздын келбетин сындап, көкүрөгүӊ кичинекей деп, аны башка аялдар менен салыштыра берчү. Берри болсо сүйүктүүсүнө жагынуу үчүн оозунун көлөмүн чоӊойтуп (блефаропластика, ринопластика), бетине, көкүрөгүнө операция жасатканын айткан.

«Ал мага жок дегенде бир жолу «сен татынакайсыӊ» деп айтканда мен мунун баарын токтотор элем»,-деп бөлүштү кыз.

Берриге апасы операция учурунда «сен буга чейин сулуу элеӊ, эми тескерисинче келбетиӊ бузулду» дегенде ал ойлонуп пластикалык операция жасатканына катуу өкүнгөн. Ал турсун сүйүктүүсү менен дагы эки жолго түшкөн. Учурда Берри ага окшоп кыйын абалга тушуккан жаш кыздарга кеӊешин берип, мындай операцияларга каршылыгын, туура эмес экенин айтып келет.

«Негизи айрым жигиттер сүйлөшкөн кыздарына «мурдуӊ кырдач эмес, бетин табактай, ашыкча сүйрү формада» дешип сындап калышат. Анан бул кыздар мага окшоп сүйүү, жигитне жагынуу үчүн акылсыздык кылып операцияга барышат. Мен азыр бул кылгандарыма аябай өкүнөм, мурунку келбетимди кайрып алгым келет»,-дейт ал.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9591



Добавить комментарий