Сапар Исаков «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түздү

8 декабря 2017 16:12 1059 Barometr
Поделиться в:
ok

Huawei Technologies Co., Ltd  компаниясы жана башка инвесторлор менен инвестициялык кызматташтыктын шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топ уюштурулду. Бул тууралуу Barometr.kg басылмасына өкмөттөн билдиришти.

“Жаӊы доорго кырк кадам” өкмөттүн программасынын алкагында, жол-транспорт кыймылына интеллектуалдык маалыматтык системаларды киргизүү жана өнүктүрүү максатында тиешелүү буйрукка 30-ноябрда өкмөт башчы кол койгон.

Инвестициялык кызматташтыктын шарттарын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, жумушчу топко өкмөткө сунуштоолорду киргизүү тапшырылды.

Топко төмөнкүлөр кирди:

  • Инвестицияларды коргоо жана алга жылдыруу боюнча агенттиктин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Маалыматтык технология жана байланыштар мамлекеттик комитетинин төрага орун басары, жумушту топтун жетекчи орун басары;
  • Өкмөт аппаратынын курулуш, транспорт жана байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
  • Өкмөт аппаратынын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы;
  • Юстиция министринин орун басары;
  • Ички иштер министринин орун басары;
  • Министрдин орун басары – Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директору;
  • Траспорт жана жолдор министринин орун басары;
  • Саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
  • Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары;
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары;
  • Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары;
  • Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун төрага орун басары;
  • Бишкектин вице-мэри (макулдашуу боюнча);
  • Оштун вице-мэри (макулдашуу боюнча);
  • "Кыргызтелеком" коомунун Директорлор кеӊешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
  • ИИМнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгыны жетекчиси;
  • Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору.

Белгилесек, өкмөт долбоорду сынаксыз берип жатат.

Эске салсак, 13-ноябрда, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов комитеттин жыйынында, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бул долбоорду ишке ашыруунун эки жолун белгилеген: бюджеттен каражат бөлүү же демөөрчүлөрдү табуу.

Өкмөт мындан экинчи жолду тандады

Ссылка: https://barometr.kg/content9589



Добавить комментарий