Көпүрөдөн секирип жанын кыюуга аракеттенген аялды милиция куткарды
Поделиться в:
Бишкекте аял жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны милиционерлер сактап калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, КР ИИМ Академиясынын 3-курсунун курсанты менен ИИББсинин кызматкери жаран Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн тосмосуна чыгып дарыяга секирейин деп жатканын көрүп калышкан.
Милиционерлер аны кармап калууга жетишкен.
Кийинчерээк анын Чүй областынын Аламүдүн районунун тургуну экени аныкталган.
Жаран Республикалык психо-неврологиялык диспансерде каттоодо турары билдирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content9570
Добавить комментарий ×