Улуттук бейтапкананын хирургу: Интернеттеги билдирүүм 200 жактыруу алса клиникадан кетем

8 декабря 2017 09:46 5016 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар, Улуттук клиниканын айласы кеткен дарыгеринин билдирүүсүн талкуулап жатышат.

Анда хирург Эльзар өзүнүн баракчасына эгер анын посту интернет колдонуучунун 200 жактыруусуна жетсе иштен кете турганын жазган.

"Эгер бул билдирүүм 200 жактыруудан ашса, анда мен ооруканадан кетемин! Кыжырым кайнап жатат! Биздин мамлекет элдин саламаттыгын «бекер» камсыздоону талап кылган айлыкка жашооого мүмкүн эмес. Эмнеге мен мындайга барып жатам? Айлык акы аябай эле төмөн, аябай. Бул менин кесипкөйлүгүм менен байланыштуу эмес! Ишенип койгула, мен жаман деле дарыгер эмесмин! Мунун жамаат менен дагы байланышы жок. Кесиптештерим жана жетекчилик менен жакшы алакадамын! Өзүӊдү кыйноонун, убара болуунун кереги жокко дейм. Андан көрө өзүмө башка эле, ийгиликтүү жолду издейм", - деп нааразы болду ал.

Хирург, 5000 сом айлыкты, калкты дарылаган адамдын маянасы деп атаганга татыбайт деп кошумчалады.

"Мамлекет бизди, дарыгерлерди баалабайт. Ага биздин айлыгыбыз ачык далил", - деп жазды дарыгер.

Анын мындай билдирүүсүн эки сааттын ичинде 300 колдонуучу карап чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9564



Добавить комментарий