Азамат Исмаилов: Силерди экинчи аял эмес, биринчи аял кылып алганга эч кимдин көңүлү жок

7 декабря 2017 12:26 4968 Barometr
Поделиться в:
ok

Тамашоу менен таанылган Азамат Исмаилов Кыргызстанда азыркы кездерде уу-дуу кеп болуп жаткан эки аял алуу маселеси боюнча өз пикирин билдирди. Анын кайрылуусу жарыяланган видео учурда социалдык түйүндөргө тарап жатат.

“Эгерде бирөө  элге кайрылып туруп “эй, эки машинасы барлар чыккылачы!” деп айтса мен чыкпайм, анткени менин эки унаам жок. Менин тиешем жок, машинасы барлар чыга берсе болот. Дагы “бою узундар чыккылачы!” десе да мен чыкпайм, анткени менин боюм узун эмес. “Эшектер чыккыла!” десе да чыкпайм, анткени мен эшек эмесмин. Эшектер чыга берсе болот. Ошол сыяктуу эле Чубак ажы да “эй,   мусулмандар, мусулмандардын арасынан илимдүүлөр, илимдүүлөрдүн ичинен такыбалар, такыбалардын ичинен шарты бар байлар эки аял алсаңар болот, калгандарыңарга эч тиешеңер жок”,- деп айтты. Ошондуктан ызы-чуу болуп жаткан эркектер мунун силерге тиешеси жок. Ошол эле учурда ызы-чуу болуп жаткан ажылдап аткан аялдар мунун дагы силерге тиешеси жок. Силерди экинчи аял эмес биринчи аял кылып алганга дагы эч кимдин көңүлү жок. Аалымыбызды жөн койгула, тийишпегиле!”,-деп кайрылуу жолдоду.

Эскерте кетсек, бир аз мурда экс-муфтий Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын коомчулукка билдиргенден кийин эл арасында кызуу талкуу болгон. Айрымдары буга дин уруксат берерин айтышса, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп ажынын ишине укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9535



Добавить комментарий