Филипп Киркоров «Евровидение-2018» сынагына катышат

7 декабря 2017 09:40 880 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын эл артисти Филипп Киркоров, артисттердин биринин продюсери катарында 2018-жылы «Евровидение» эл аралык сынагына катышууга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу ырчы «Дни.Руга» айтты.

«Жакында эле бизге достук алакадагы бир мамлекеттен мага сунуш келди, мен болсо ал өлкөнүн атынан чыга турган катышуучуга продюсер болууга макулдугумду бердим»,-деди Киркоров.

Ырчы ошондой эле, анын командасы мыкты номерди даярдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасайт деп убада кылды.

Буга чейин Филипп Киркоров сынакта Белоруссияны тааныткан Дмитрий Колдун жана Анжелика Агурбаштын продюсери катарында «Евровидение» конкурсуна катышкан болчу. Ырчы өзү Россиянын атынан, бул сынакка 1995-жылы «Колыбель для вулкана» аттуу чыгармасы менен катышкан.

2018-жылы аталган сынак Португалияда өтөт, анда Юлия Самойлова Россияны таанытмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content9524



Добавить комментарий