Соцтармак: Таластагы балдар үйүнө көмүргө акча чогулталы. Балдар сууктан тоӊуп бетон дубалдын ичинде отурат

6 декабря 2017 14:55 822 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар Таластагы балдар үйүнө көмүр алып берүүгө акча чогултуп жатышат.

Тактасак, интернет колдонуучу Айгерим Тургунова өзүнүн баракчасында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көмүр сатып берүү үчүн 100 сомдон топтоого чакырды.

"Жакында эле, майрам алдында балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге таттуулар, белектерди берүү канчалык жакшы экени айтылган. Тема абдан эле оор. Аны талкууга алсаӊ нервиӊди эле кетиресиӊ. Эми башкы нерсеге келсек, тез арада көмүр керек. Таластагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборуна көмүр керек (Эрмек эже). Бетондук дубалдардын ичиндеги балдар сууктан тоӊуп отурушат. Көмүрдүн тоннасы 5 миӊ сом. Ушу жерде отургандардын баары 100 сомдон чогулта койсок бир топ акча топтолот!",-деп жазды ал.
 

Ал ошондой эле, ЭЛСОМдогу эсептин номерин көрсөттү: 0553 25 75 65.

Ссылка: https://barometr.kg/content9507



Добавить комментарий