Соцтармак: Атамбаев менен Жээнбековду туураган тамаша талкууга алынды

6 декабря 2017 14:02 4027 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековду туураган тамаша талкууланып жатат.

Соцтармактарда Бишкектеги ресторандардын биринде болгон үлпөт той тартылган видеону жарыялашкан.

Анда жаш артист Алтынбек Ажалиев, Атамбаев менен Жээнбековдун үндөрүн туурап, эки жашты куттуктайт.

"Кыргызстан, Кудай кааласа, өнүгөт. Мага ишенгиле, алтындарым, күчүктөрүм", - деп Ажалиев Атамбаевди туураган.

Жээнбековду пародиялап жатып, Ажалиев, күйөө баланы жубайын таарынтпоого чакырды, болбосо «Чык эшикке!» деп кууп чыгарын тамаша иретинде айтып коркутту.

"Мамлекетти көтөрүш керек! Коррупция менен көчөдө күрөшүүгө болбойт! Мен муну менен күрөшөм. Мен сени (күйөө бала) балапан кезиӊден бери билем. (минтип Жээнбеков Өмүрбек Бабановду дебатта атаган). Менин келинимди таарынта турган болсоӊ, анда мен сага «Чык эшикке!» деп айтып кууп чыгам!",  - деп тамашага салган пародист Жээнбековду туурады.

Эске салсак, Жээнбековдун (премьер-министр болуп турган кезинде) өкмөттүн жыйынында айткан бул "Чык эшике!" деген сөзү эл оозунан түшпөй лакапка айланды. Ал, ошол кезде, өкмөттүн тапшырмасын аткарбаган чиновникти кууп чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9504



Добавить комментарий