Экс-президент Роза Отунбаева Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту

6 декабря 2017 09:35 618 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-президент Роза Отунбаева Кытай мамлекетинин башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Эмилбек Каптагаев социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, жолугушуу Отунбаеванын Кытайга жасаган сапарынын алкагында болду. «Сапар байсалдуу болду, Роза Исаковна Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышып сөз сүйлөдү, Бээжин (Пекин) шаарында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту, "Кытай жана глобализация" борборунда эки саат лекция окуп, катышкан окумуштуулардын, саясий серепчилердин жана журналисттердин суроолоруна кеңири жооп берди, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык катчысы Антонио Гутерреш менен атайын уюштурулган теле-көпүрө аркылуу БУУнун ишмерлигине жана дүйнөдөгү болуп жаткан процесстерге байланыштуу суроолор боюнча 2 саат жеке маектешти, ШОСтун башкы кеңсесинде болуп уюмдун ишмерлиги жана "Бир алкак - Бир жол" демилгесин турмушка ашыруудагы көйгөйлөр боюнча пикир алышты, ошондой эле 2018-жылы Кытай Эл Республикасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматов күндөрүн" өткөрүү демилгесин колдоону өтүндү (өтүнүч колдоого алынды), ошондой эле Кытайдын коомдук жана саясий түзүмүндө орчундуу орун ээлеген "Чет элдер менен Достук коомунун" жетекчилиги менен жолугушуу болуп, ал жерде дагы "Айтматов күндөрүн" өткөрүү демилгеси талкуу болду, иш сапардын алкагында Кытайдын борбордук теле каналына жарым саатык маек курду... Булар Бээжинде болгон окуялар... Ал эми Үрүмчүдө болсо "Кытай жылкы өстүрүүчүлөр ассоцияциясынын" жетекчилигинин демилгеси боюнча жолугушуу болуп, эки өлкөнүн асыл тукум жылкы өстүрүүчүлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү, эмки жылы Кытайда өтө турган ветеринарлардын форумуна Кыргызстандын өкүлдөрүн да чакыруу зарылдыгы айтылды, ошондой эле Синьцзян автоном районунун "Достук" коомунун өкүлдөрү менен "Айтматов күндөрүн өткөрүү" демилгеси кеңири талкууга алынып колдоо тапты... Ошентип бир жума чымырканып иштөөгө туура келди...буюрса өлкөбүзгө үзүрү тиет деген ишенич бар»,-деп жазган Каптагаев.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусунун маалыматына ылайык, экс-президент 28-29-ноябрь күндөрү Гуанчжоудагы эл аралык жыйынга катышкан.

Жыйынга Кытайдын жогорку жетекчилик мүчөлөрү, көрүнүктүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр, көптөгөн өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9480



Добавить комментарий