Дүйшөнбек Зилалиев: «Манас» аэропортун сатуу планы жок

6 декабря 2017 09:17 637 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөттүн “Манас” аэропортун сатуу боюнча эч кандай планы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди. Анын айтымында, учурда аэропорттун абалын оңдош үчүн ишеним башкаруусуна берүү же чогуу башкаруу боюнча сөз жүрүп жатат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди баштаган. Премьер-министр Сапар Исаков Түркиянын "TAV Airports Holding" компаниясынын директору Мустафа Сенер менен жолугушкан.

Ушундан улам депутаттар арасында аэропортту сатуу боюнча сөз болуп жатканы жөнүндө суроо пайда болуп, Маммүлк фондунун жетекчисине суроолорун беришти.

Дүйшөнбек Зилалиев аэропорт өлкө коопсуздугу менен байланышкан маселе экенин, аны өнүктүрүш үчүн гана инвестор изделип жатканын айтты.

“Манас” эл аралык аэропорту - өлкөдөгү эң ири аэропорт.

Ссылка: https://barometr.kg/content9478



Добавить комментарий