2018-жылдын 30-январынан баштап балдарга жөлөк пул бериле баштайт. Документ өткөрүүнү унутпаӊыздар

5 декабря 2017 17:31 4244 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу мыйзамга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Демек, жаӊы жылдан кийин кыргызстандыктар төмөнкүдөй жөлөк пулдарды алат:

  • Ар бир төрөлгөн бала үчүн бир жолу бериле турган «балага сүйүнчү» жөлөк пулу: 4 миӊ сом;
  • Ар бир балага (3 жашка чейинки) ай сайын бериле турган «балага жөлөк» жөлөк пулу: айына 700 сом;
  • 3 же андан көп (3төн 16 жашка чейинки балдар) баласы бар жарандарга ай сайын берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу: айына 500 сом;
  • Пенсиялык камсыздандырууга укугу болбогон жактарга ай сайын бериле турган «социалдык жөлөк пул».

Мамлекеттик жөлөк пулдардын көлөмү жыл сайын, бюджет мүмкүнчүлүктөрү жана экономиканын абалы эске алынып, өкмөт тараптан белгиленет.

Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү (пенсиялык камсыздандырууга укугу жок жана жашы жеткен: эркектер: 65, аялдар: 60 жаш, баатыр-энелер: 55 жаш) пенсиялык камсыздандыруу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагында КРдын мыйзамына ылайык бекитилген пенсиянын базалык бөлүгүнүн көлөмүнөн жогору эмес түзүлөт.

"Балага сүйүнчү"

Бала төрөлгөндө бир ирет бериле турган жөлөк пулдун бул түрү, бала төрөлгөндө (анын ичинде эркинен ажыратылган жайда жүргөн аялдын төрөгөн баласына дагы) жөлөк пулду чегерүү үчүн кайрылган учурда берилет.

Эки же андан көп эгиз балдар төрөлсө, жөлөк пул ар бирине берилет.

Мындай бир жолу берилүүчү жөлөк пулду алуунун мөөнөтү, бала төрөлгөндөн бир жашка чыкканга чейинки убактан ашпайт.

"Балага жөлөк"

Баланы кароо үчүн ай сайын берилген «балага жөлөк» жөлөк пулу ар бир балага, ал 3 жашка чыкканга дейре белгиленет.

Мындай жөлөк пул бала үч жашка чыкканга чейин берилет (3 жашка толгон айды эсептегенде).

"Үй-бүлөгө көмөк"

3төн 16 курактагы үч же андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) бериле турган жөлөк пулдун бул түрү:

  • 3 жашка толгон жана 16га чыкканга дейре, үчүнчү жана кийинки балдарга;
  • 3 жашка толгон үч же андан көп төрөлгөн эгиз балдардын ар бирине, алар 16 жашка чыкканча чегерилет.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул

Бул жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу болбогон, эмгекке жараксыз жактарга белгиленет:

  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 18 жашка чейинки балдарга;
  • Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга ( I, II жана III топтогулар);
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга (I, II жана III топтогуларга);
  • Улгайган жарандарга (эркектер 65 куракка келгенде, аялдар 60 жашка чыкканда);
  • 55 жашка чыккан баатыр-энелерге;
  • Ата-энесинин бирөөсү жок балдарга;
  • Ата-энеси жок балдарга;
  • СПИД, ВИЧ илдетине чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга (алар 18 айга толгонго дейре) чегерилет.

Жөлөк пулду кантип алууга болот?

Мамлекеттик жөлөк пулдарды чегерүү тууралуу кайрылуу, арыз кабыл алынган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде каралат. Арызды кабыл алууда жокко чыгаруу болбойт.

Мамлекеттик жөлөк пулдар алуучунун анык жашаган жери боюнча белгиленет.

«Балага сүйүнчү», «балага жөлөк», «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулдары, алуучу, бала (балдар) менен чогуу жашаган учурда чегерилет.

Мамлекеттик жөлөк пулдарды алуу боюнча кайрылуу тартиби, мамлекеттик жөлөк пулдар менен документтер тизмесин белгилөө жана төлөө, ошондой эле, мамлекеттик жөлөк пулдарды алуу үчүн белгиленген зарыл документтерди берүү боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомство аралык өз ара аракеттешүү тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик жөлөк пулдар азыркы ай үчүн, болуп жаткан айдын 30-күнүнөн кеч эмес төлөнөт. 

Эске салсак, мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу мыйзамга 2017-жылы 28-июлда Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9466



Добавить комментарий