Түндүк-Түштүк жолуна Атамбаевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда. Силер макулсуӊарбы?

5 декабря 2017 15:32 1115 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 5-декабрда, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин жыйынында, «Бир Бол» фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы менен атоону сунуштады.

Анын айтымында, Атамбаевдин эмгеги аркылуу, өлкөнүн түндүк менен түштүк бөлүктөрүн байланыштырган жол курулуп жатат.

Эске салсак, аталган жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Аяктоо мөөнөтү 2018-жылга пландалган. Жолдун узундугу Балыкчыдан Жалал-Абадга чейин: 433 чакырымды түзөт.

Курулушту каржылоо булактары: Азия өнүгүү банкы, мамлекеттик бюджет.

Курулуштун жалпы наркы 846 миллион АКШ долларын түзөт, анын 789 миллион доллары насы каражаты, 36 миллион доллары грант, 21 миллион доллары КР бюджетинен алынган. Мындан тышкары, 73 миллион доллар өкмөт тараптан изделип табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9462



Добавить комментарий