Аялды катуу сабап, 13 жыл издөөдө жүргөн баткендик тургун кармалды

5 декабря 2017 12:37 935 Barometr
Поделиться в:
ok

Оор кылмышка шектелген, 13 жыл издөөдө жүргөн эркек киши кармалды. Бул тууралуу Баткен областык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

2003-жылы И.Т. аттуу жаран Д.Г. менен чатакташып кетип, И.Т. анын башы менен бет жагына катуу урган. Ден соолугунан оор залака алган жабырлануучу Айдаркендеги аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факт боюнча, Кадамжай райондук ИИБсинин иликтөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 104-беренеси («Ден соолугуна атайылап зыян келтирүү») боюнча кылмыш иш козголгон болчу. Ал учурда 23 жашта болгон И.Т. карата издөө жарыяланып, кылмышкерди кармоо боюнча бардык ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кызматкерлер ал жашына турган жерлердин баарын текшерип чыгышкан, бирок майнап чыккан эмес. Ушул жылы 29-ноябрда, ыкчам иштердин жүрүшүндө, Бишкектен бул кылмышкер колго түшүрүлгөн. Ал 13 жылдан бери Россия менен Казакстанда жашырынып жүргөн. Азыркы тапта ал 36да.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9451



Добавить комментарий