Түркияда кыргызстандык кыз жигити менен урушуп, балкондон секирип жанын кыйды

5 декабря 2017 11:35 1088 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Бурса шаарында 27 жаштагы кыргызстандык кыз, сүйлөшүп жүргөн жигити менен урушуп кетип, өзүн-өзү өлтүрдү. Жергиликтүү Мilliyet.com.tr онлайн-басылманын маалыматына ылайык, Гулнархан Райымбекова, кечээ кечинде жигити М.И. менен барда отурган кезде экөөнүн ортосунда кызганычтан улам келишпестик чыгып кеткен. Уруш жол бою уланып, үйгө жеткенде босогонун алдында жигит кызга кол көтөргөн. Ызы-чуунун айынан кошуналары полиция чакыртышкан.

Маалымдалгандай, полиция дароо дарек боюнча чакыртылган жерге келген. Алар батирге киргенде Райымбекова бөлмөлөрдүн биринде бекинип алып, эч ким менен сүйлөшпөй койгон. Мындан улам полиция кызматкерлери бөлмөнүн каалгасын талкалап киришкенде ал жакта эч ким болгон эмес. Кыз үчүнчү кабаттын балконунан секирип, ошол жерден жан берген.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, маркум жакын арадагы бейтапкананын моргуна жеткирилген деп билдиришти. Окуя видео көзөмөл камерасына түшүп калган. Учурда бул боюнча иликтөө уланып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9444



Добавить комментарий