Кыргызстанда бир сутка ичинде алты өрт катталды
Поделиться в:
4-декабрдан 5-декабрга караган күнү Кыргызстанда жалпысынан 6 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Аламедин районундагы Кой-Таш айылында Мырзалиева көчөсүндөгү турак үйдүн 50 чарчы метр аянтындагы чатыры, эки бөлмөсү күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен денесинен күйүк алган А.Дулин ооруканага жаткырылды. Өрт тамеки чегүүдө кылдатсыз мамиле жасалгандан улам болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content9437
Добавить комментарий ×