Жалал-Абад: Мас айдоочу тургунду сүзүп, кесепетинен ал каза тапкан

4 декабря 2017 17:14 472 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда мас абалдагы айдоочу эркек адамды сүзүп, анын кесепетинен тургун каза тапкан. Изин жашырган айдоочу кармалган. Бул тууралуу аталган областык ИИБсинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 3-декабрда, болжол  менен кечки саат алты жарымдарда Жалал-Абад-Казарман автожолунда белгисиз унаада бараткан айдоочу 1976-жылы туулган, Таран-Базар айылынын жашоочусун коюп кеткен. Айдоочу сүзгөндөн кийин дагы токтобой туруп окуя болгон жерден изин жашырган. Анын кесепетинен жаран ошол жерден мерт кеткен.

Издөөнүн жүрүшүндө, 1990-жылы туулган, «ДЭУ» үлгүсүндөгү унаасы менен, коӊшу Жерге-Тал кыштагынан айдоочу кармалган. Дарыгерлер анын алкоголдук ичимдик колдонгонун ырастады.

Ссылка: https://barometr.kg/content9423



Добавить комментарий