Үрөй учурган окуя: Эксперимент үчүн ымыркайын мешке ысытып көрүшкөн

4 декабря 2017 16:18 4989 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШда ата-эне тажрыйбадан сынап көрөлү дешип, өздөрүнүн жаӊы төрөлгөн 4 айлык ымыркайын микроволновкага бир аз убакытка салып коюшкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Дерик менен Макала наристесин «майда кызыл темгилдер чыгып кетти» дешип дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Экспертизадан кийин, бул темгил эмес эле күйүк болгону аныкталган. Дарыгерлер дароо эле полицияга кабар беришкен. Сурак учурунда аял, маал-маалы менен ымыркай менен эксперимент жүргүзүп жүргөндөрүн мойнуна алган.

Анын сүйүктүүсү болсо, сыналгыдан шайыр жарнаманы көрүп калып аны тууроо үчүн бөбөктү бир нече жолу колдон полго түшүргөн. Ал эми наристенин бетиндеги күйүктөр, ата-энеси аны тез ысытуучу мешке салып жибергенден кийин пайда болгон.

Учурда жубайлар камакка алынды. Жакын арада аларга карата соот өкүмү чыгарылат. Баланын ден соолугу калыбына келгенден кийин аал балдар үйүнө өткөрүлөт.

Белгилесек, жубайлар биринчи баласын дагы балдар үйүнө беришкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9419



Добавить комментарий