Чубак ажы Жалиловду кайрадан суракка чакыртып жатышат

4 декабря 2017 15:30 664 Barometr
Поделиться в:
ok

Чубак ажы Жалиловду кайрадан Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына чакыртышты. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди. 

Адвокаттын билдирүүсүндө, Бишкек шаарынын ИИБсинин Иликтөө башкармалыгынын иликтөөчүсү Макенбаев Октябрь Батырович, аалым Чубак ажыны анын экинчи никесине байланыштуу факт боюнча кайтадан суракка чакыртып жатат.

"Мамлекеттик чиновниктердин жашыруун аялдары менен балдарын мамлекетик деӊгээлде легалдаштыруу тууралуу ачыкбилдирүүсү үчүн, Чубак ажынын артынан бийлик кууп түштү. Бүгүн, 4-декабрда, Бишкек ИИБсинин ИБ иликтөөчүсү Макенбаев Октябрь Батырович дин аалымы Чубак ажы Жалиловду кайрадан суракка чакырды. Көптөгөн чиновниктер, ишкерлердин көмүскөдөгү 2-3-4төн аялдары бар экени жашыруун эмес. Бирок буга баары унчукпайт жана экинчи аялдар менен балдардын укугун коргоо үчүн аны мыйзамдаштырууну эч ким суранган жок. Биздин аялдар мекенин, тууган-уругун таштап, үй-бүлө куруп, балалуу болуу, карыганда карылар үйүнө барып калбашы үчүн, чет өлкөлүктөргө (негр, кытайлык, корейлер жана башка) турмушка чыгып жатышат", - деди адвокат.

Белгилесек, буга чейин, 2-декабрда, Бишкек ИИББси Чубак ажы Жалиловду суракка чакырткан.

 

 

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9417



Добавить комментарий