Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт катталды: Ноокатта турак үй күйүп кетти
Поделиться в:
Кыргызстанда бир сутка ичинде, 3-декабрдан 4-декабрга караган күнү 12 өрт чыкты. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ноокат районундагы Үч-Кемпир айылында Каратаев көчөсүндөгү турак жайдын 180 чарчы метр аянтындагы чатыры, 120 чарчы метр дубалдагы жыгач, 33 одеял, 2 эмерек, 6 килем, 8 палас, сыналгы, муздаткыч күйүп кеткен. Өрттүн себеби: электр жабдыктарын монтаждоо эрежелеринин сакталбагандыгы.
Ссылка: https://barometr.kg/content9405
Добавить комментарий ×