Тургун тишин жулдуруп жатканда инфекция кирип кетип, анын кесепетинен үч операция жасатты

4 декабря 2017 10:03 1255 Barometr
Поделиться в:
ok

Костонайдын тургуну, 50 жаштагы Инна Яковлева стоматологго баргандан кийин үч операцияны башынан өткөрдү, 20 кг чейин арыктап кеткен. Аялдын айтымында, ал 4-октябрда «флюс» деген аныктама менен, стоматологиялык клиникага барган. Дарыгерлер анын тишин жулуп жаткан учурда ага инфекция кирип кеткен. Мындан улам жаран 3 операция жасаткан. «Мен 20 кг арыктадым. Организмим аябай эле алсырап кетти. Тогуз жаштагы уулумдан башка жардам берер эч кимим жок»,-дейт ал. Аял кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content9394



Добавить комментарий