Ырчы Омардын заманбап үлпөт тою «Ала-Тоо» ресторанында болду

3 декабря 2017 14:45 2437 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 2-декабрда, Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында эстрада ырчысы Омардын заманбап үйлөнүү үлпөтү болду. Тойдогу сүрөттөрдү ырчы Анжелика Бекболиева соцтармактагы баракчасына жүктөгөн.

Никеге туруу салтанатына эстарда жылдыздары катышты.

Омардын келинчеги Диана кооз үлпөт көйнөгүн кийди, ал эми фатанын алдына ак жоолук салынды. Диананын курбулары ачык көк түстөгү көйнөктөрдү кийишти. Ресторандын ичи дагы көк түстүү гүлдөр менен кооздолгон. "Жар Жар" салтту ырын Гүлнур Сатылганова аткарды.

Эске салсак, 25-ноябрда Омар болчоктогу жубайын каадасын жасап, ата-энесинин колунан алып кеткен. “Кыз узатуу” тою Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9391



Добавить комментарий