Ата-энеси ажырашкандан кийин стресске баткан 10-класстын окуучусу мектептен каза тапты

1 декабря 2017 17:21 1855 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Актөбө областында мектептеги кийим чечүүчү бөлмөдөн 10-класстын окуучусу каза тапкан. Полициядан окуя тууралуу кенен маалымат беришкен эмес. Ал эми билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, өспүрүм, ата-энеси ажырашып кеткендиктен стресске кабылып, жүрөгү кармап калган. Бул тууралуу басылмалар жазды.

«28-ноябрда, саат 9:30да, Шалкар шаарындагы №8 мектептин кийине турган жеринен 10-класстын окуучусунун сөөгүн табышкан», - деп басылмага полициядан кабарлашкан.

Өспүрүмдүн өлүмүн Шалкар райондук билим берүү бөлүмүнөн да тастыкташкан.

"Ал күнү мектепте салтанаттуу иш-чарар болмок. Ага даярдык баштала электе, Жылкыбай деген окуучу өзүн жаман сезип баштаган. Кийим чеч турган бөлмөдөн ал эсинен танып жыгылган. Жанында медайым бар болчу, ал алгачкы жардам көрсөттү. Тез жардамды чакырганбыз, бирок ал келгенче окуучу баланын жүрөгү кармап каза болуп калды", - деди билим берүү бөлүмүнүн кызматкери.

"Жакшы бала болчу, бирок дайыма унчукпай, баарын ичине катып жүрчү. Балким ушул нерсе ден соолугуна терс таасирин берди. Жакында эле анын ата-энеси ажырашкан, Жылкыбай атасынын колунда калып, апасы башка балдарын алып кетип калган. Анан өспүрүм мындайды көтөрө албай депрессияга кабылды", - деп түшүндүрүштү аталган бөлүмдөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content9359



Добавить комментарий