Путиндин күзөт кызматынын мурунку башчысынын аялы миллиардер болду

1 декабря 2017 12:46 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын федералдык күзөт кызматынын мурунку жетекчисинин жубайы Евгения Мурова өлкөнүн эӊ бай аялдар тизмесине кирди.

Людмила Мурова бир нече ири компанияларды, анын ичинде былтыр 1,3 млрд рубль таза киреше алып келген Бирдиктүү медборборду, Нахимов көлүнүн жээгиндеги джакузиси бар жерди сатып алган.

Басылма билдиргендей, бул мүлк мурун камакка алынган ишкер Дмитрий Михальченкого таандык болчу.

Муровага бүгүнкү күндө «Измерон» заводунун мүлктөрүн башкаруу коомунун үлүшү да таандык.

Дагы бир “Феникс” ири компаниясы өткөн.

72 жаштагы Евгений Муров, тышкы чалгындоодон чыгуучулардан, 90-жылдары Санкт-Петербургдагы Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилигинин курамында болгон. Путин президент болгондон кийин, 2000-жылы Федералдык күзөт кызматын жетектеген. Былтыр өз эрки менен иштен кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/content9348



Добавить комментарий