Сокулуктагы тергөө абагынан качып чыккандардын төртүнчүсү кармалды

1 декабря 2017 11:41 442 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылы 1-декабрда болжол менен саат 04:00дө, Чүй областына караштуу Москва районундагы Спартак кыштагынын чет жакасынан, Сокулук райондук ИИБсинин тергөө абагынан качып кеткен төртүнчү жаран: Жанботоев Кайрат кармалды. Бул тууралуу КРдын ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилесек, Жанботоев – Чүй областынын тургуну, 1989-жылы туулган, Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча айыпталган.

Бүгүнкү күндө, аталган тергөө абагынан качып кеткен төртөө кармалышты. Бул факт боюнча иликтөөнүн алкагында прокуратура тарабынан, милиция кызматкерлерине карата 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренелери (Ишке шалаакылык мамиле кылуу) боюнча кылмыш иш козголгон. Учурда иликтөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9344



Добавить комментарий