Соцтармакта Бакиевге ич кийим белек кылган активисттер талкуу жаратты

1 декабря 2017 09:46 1353 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда жарандык активисттердин Курманбек Бакиевге ич кийим берип жиберүү демилгеси ар кандай реакцияларды жаратты.

Активисттердин мындай демилгеси баарына эле жага берген жок.

Колдонуучулардын пикири боюнча, активисттер мурунку президенттин деӊгээлине чейин түшүүгө укугу жок болчу.

Парламенттин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев: «Бир чала кайым кыргыз ич киймдеримди уурдап кетишкен деди эле, заматта эле жыйырмадай андан өткөн чала кайым кыргыздар мына биз алдык эле дегендей болушуп,кара пиар кылышып, кийим чогултушуп Казакстандын элчилигине жүгурүп барышты! XXI кылымдагы деңгээлибиз! Аттиң гана дейсиң! Кайран гана, бийлик! Кадырың кетти,го!»,-деп жазган.

Башка колдонуучулар болсо бул күнү Минскте мамлекет башчысы Назарбаев менен жолугушууну көздөп жүрөт деп эске салышкан.

Буга байланыштуу мындай акция орунсуз деп эсептешкен.

Буга карабастан активисттер кылгандарынан канааттанышкан.

Белгилесек, кечээ, 30-ноябрда, активисттер Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерине, Курманбек Бакиев үчүн белек берип жиберишти. Бул тууралуу Barometr.kg  сайтына «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын мүчөсү Амантур Жамгырчиев билдирген.

Анын маалыматына ылайык, элчиликтин алдындагы каршылык акциясына 50дөй адам келген.

"Биз, белекти Казакстандын элчилигине берип коелу деп чогулдук. Эки куту ич кийимди Бакиев үчүн алып келдик. Кутуга түрдүү өлчөмдөгү 60 даана жаӊы ич кийим салдык»,-деген активист.

Ал, элчиликте алардын «белегин» алуудан баш тартышты деп кошумчалады. Буга карабастан активисттер кутуну имараттын алдына калтырып кетишкен.

"Эгер элчилик айтылган дарекке биздин кутуну берип жибербесе, биз ич кийимдерди дагы чогултабыз да аны почта аркылуу жөнөтөбүз»,-деп эскертти активист.

Эске салсак, 29-ноябрда, «Хабар» телеканалынан кыргыз революциясы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. Фильмдин негизин 2010-жылдагы окуялар боюнча Бакиевдин версиясы алынды.

Бакиев, ал учурларды эстеп жатып, өлкөдөн үстүндө эмне болсо ошону менен чыкканын айтты.

"Биз реликвия катарында, ал турсун менин ич кийимдеримен бери алып кетишкенин билебиз, идиш-аяктарды айтпай эле коеюн. Мен, убагы келгенде мекениме кайтам деп ишенем», - деп Бакиев фильмде билдирген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9335



Добавить комментарий