Милиция Чубак ажынын билдирүүсүн текшерүүдө

1 декабря 2017 08:57 2004 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алгандыгы жана көп аял алуу чакырыктары тууралуу билдирүүсүн текшерүүдө.

ИИМден көп аял алуу тууралуу мыйзамдын бузулган-бузулбагандыгы текшерилип, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин билдиришти. Кылмыш кодексинин 153-беренесинде бул үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бир канча күн мурда Чубак ажы Жалилов Youtube баракчасы аркылуу экинчи аял алганын билдирген. Айтымында, ал өлкө мыйзамдарын сактоого аракет кылат. «Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алып, алар менен бир үйдө жашап, жалпы чарба жүргүзүү үчүн жаза каралгандыр. Бирок өзүнчө жашоого тыюу жок. Адамдар ойноштору же башка аялдар менен жашап жатышат. Чогуу жашоо же жарандык нике үчүн мыйзамда жаза каралган эмес», - деген ал.

Жалилов ошондой эле мүмкүнчүлүгү бар башка эркектерди дагы экинчи аял алууга үндөгөн.

Депутаттар Аида Касымалиева менен Эльвира Сурабалдиева парламент жыйынында ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылып, ажынын билдирүүсүндө мыйзам бузуу болгон-болбогонун текшерүүнү өтүнүшкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9328



Добавить комментарий