Момбеков: «Атамбай» деген арак чыгыптыр, жакында «Сооронбай» деп да чыгып жүрбөсүн»

30 ноября 2017 16:35 1654 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-декабрда, парламенттин жыйынында, депутат Рыскелди Момбеков, өкмөт жарнамалар тууралуу мыйзамдын иштешин камсыздай албай жатканына нааразылыгын билдирди.

Депутаттын пикири боюнча, өлкөдө ысымдары дал келбеген тамеки жана алкоголдук продукциялар чыгарылып жатат.

Мисалы алсак, "Манас" коньягы, «Парламент» деген тамеки. Ал эми жакында эле «Атамбай» деген ат коюлган арак чыгарылыптыр. Эгер мунун баарын токтотпосо, жакында «Сооронбай» арагы деп да чыгарып башташат. Эмне үчүн мындайга жол берилип жатат?»,-деди депутат.

"Жарнама деген, шылдыӊ иретинде эмес, мактагандай болушу керек. Казакстанда «Назарбай» деген арак жок болуш керек", - деп белгиледи ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9320



Добавить комментарий