Кадамжайда 3 адамдын өмүрүн алган катуу жол кырсыгы болду

30 ноября 2017 15:32 438 Barometr
Поделиться в:
ok

Кадамжай районунда катуу жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен областындагы ИИБси билдирди.

Кечээ, 29-ноябрда, кечки саат 23:45де Сары-Алтын кыштагынын тургуну, 33 жаштагы М.Т. аттуу айдоочу «Дэу-Нубира» автоунаасын айдап келатып катуу жол кырсыгына кабылды. Унаанын ичинде айдоочунун 30 жаштагы М.Б. аттуу аялы, 67 жаштагы М.Ж. аттуу апасы, 3 жаштагы Т.А. кызы жана Көк-Талаа айылынан туугандары 76 жаштагы жана 56 курактагы А.С. менен С.А. болгон. Алар Кызыл-Кыядан келе жатып кырсыкка кабылышкан.

Автокырсык Ош-Исфана автожолунун 87 чакырымында болгон. Айдоочу унааны башкара албай калып, бетондук тосмого кагышып, андан кийин эт саткан дүкөнгө сүзүлүп калган. Кийин унаа тоголонуп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу М. Т., анын апасы М. Ж. жана таежеси А. С. Каза тапты. Ал эми айдоочунун аялы, кызы жана таежеси денесинен жаракаттарды алып, бейтапканага жаткырылды.

Учурда иликтөө органдары текшерүү жүргүзүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9315



Добавить комментарий