12 жаштагы окуучуну өзүнүн атасы зордуктап, «эч кимге айтпа» деп коркуткан

30 ноября 2017 14:01 2038 Barometr
Поделиться в:
ok

Омскта 12 жаштагы мектеп окуучусу, өзүнүн эле атасынын көрсөткөн кордугунун курмандыгы болду. Окуучу кызды атасы зордуктагандан кийин, кызынын боюна бүтүп калган. Бул боюнча чет элдик басылмалар кабарлады.

Мындай факт, качан кыздын апасы, бат-баттан эле кызынын башы, көӊүлү айлана бергендиктен, аны ооруканага алып келгенде билинген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, өспүрүм кыздын боюнда бар, түйүлдүк чоӊоюп кеткени, аны алдырууга кеч болуп калгандыгы белгилүү болгон.

Дагыргерлер дароо эле полицияга окуя боюнча кабар беришкен. Психологдор менен баарлашуу учурунда, кыз, ушул жылдын май айында аны өзүнүн атасы зордуктаганын айтып берген.

Бирок ал бул тууралуу эч кимге үн каткан эмес, анткени атасы коркуткан. Бир нече айдан кийин атасы иштеп келүү үчүн башка аймакка кеткен. Полиция, акыркы айларда Уралда жашап жүргөн 37 жаштагы эркек киши (кыздын атасы) каза болгонун аныкташкан. Маркумду өзүн-өзү асып алган абалда табышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9307



Добавить комментарий