Төрт баласын үйгө камап, бет алды басып кеткен аял табылды

30 ноября 2017 13:24 1314 Barometr
Поделиться в:
ok

Алматы областындагы Шелектеги Есик шаарында апасы төрт кичинекей баласын үйгө жалгыз таштап, сыртынан бекитип, белгисиз жактарга басып кеткен. Суук үйдө отурган балдарды алгач кошуналары көрүп калып, балдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кийин кошуналар полиция менен тиешелүү органдардын өкүлдөрүн чакыртышкан. Бул тууралуу басылмалар билдирди.

26 жаштагы апасы балдарын калтырып кеткенден кийин, эртеси таӊ эртеӊ менен кошуналар үйдөн балдардын ыйлаган үндөрүн угушкан. Кечинде алар жумуштан келгенде балдар дале ыйлап жатканын көрөт.

Кошуна батирде жашаган аял жылаӊач отурган балдарды үйүнө алып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, эки жаштагы кыз эс-учун жоготкон абалда уктап жаткан, анын буттары тоӊуп калган болчу. Кошуналар балдарды жылуу сууга киринтип, массаж жасап, тез жардамды чакырышкан.

Көрсө балдар апасын бир күн бою күтүшкөн. Кийин апасы келбегенден кийин кошуналар полиция менен акимиатка кайрылышкан.

Учурда төрт наристе теӊ шаардык балдар бейтапканасында.

Үч кыз жана бир эркек бала ооруканага жеткирилди, балдардын улуусу 7 жашта, ал эми эӊ кенжесине болгону 10 ай болгон. Балдар инфекциялык оорулар бөлүмүнө жаткырылды, дарыгерлер аларды толук текшерүүдөн өткөрүп жатат»,-деп билдирди башкы дарыгердин орун басары Гулнара Сезбекова.

«Бул аялдын абалы, турмушу абдан начар. Жөлөк пул алат. Балдардын аталары ар башка. Бирок биз эч убакта апасы арак ичкенин көргөн эмеспиз. Жакында эле анын үйүнө барып, суу, жылуулук берип, батирдин эки айлык ижара акысын төлөп берген элек. Чынын айтсам, жаш эне балдарын калтырып басып кетет деп күткөн эмеспиз”,-дейт Шелектин акиминин орун басары Данияр Мадиярулы.

Кийинчерээк акимиаттын кызматкерлери тарабынан аял табылган. Бул арада ал ошол эле айылда жүргөн. Мындай жоопкерчиликсиз жүрүм-турумун, ал Шелектен жөлөк пул алыш керек болгондугу менен түшүндүргөн.

Учурда балдарды апасына кайтарып берүү керекпи-жокпу, бул ишти чечүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content9302



Добавить комментарий