Казакстан жаштарынын дээрлик 40% башка өлкөгө кетүүнү каалайт

30 ноября 2017 11:07 674 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандык жаштардын 40% башка өлкөлөргө кетүүнү каалашат, деп билдирди 29-ноябрда “Жаштар” илимий-иликтөө борборунун өкүлдөрү. Борбор “Казакстан Жаштары – 2017” баяндамасы үчүн атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Дин иштери жана жарандык коом министрлигине караштуу борбор маалымдагандай, респонденттердин 59% ашыгы “Мен көчкүм келбейт/Мен Казакстандан кетким келбейт” деп жооп беришкен.

Иликтөө 14төн 29 жашка чейинки кишилерди камтыган. Бул борбордун ишмердүүлүгү үчүн жылына бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнөт.

“Жаштар” борборунун башкы эксперти Фарида Мустаеванын айтымында, өлкөдө жаштардын саны азайууда, учурда алардын саны 4 миллионго жакын. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 300 миңге аз.

2017-жылы жаштар арасында 339 өзүн-өзү өлтүрүү учуру катталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9293



Добавить комментарий