Чеченстанда эки кыргызстандык жарандын сөөгү табылды

29 ноября 2017 16:42 584 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясынын Чеченстан Республикасынын Урус-Мартановск райондук прокуратурасы, Кыргызстандын эки жаранынын (Каримбердиев менен Азимжанов) өлүмү боюнча жагдайды текшерип жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөө органдары тарабынан аныкталгандай, алар Урус-Мартан шаарындагы менчик үйдө газга ууланган. Эртеӊ менен, 27-ноябрда, маркумдардын сөөгү борбордук райондук ооруканага жеткирилген.

Азыркы тапта прокуратура тарабынан, жарандардын өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, РФ аймагында чет өлкөлүк жарандарды ишке тартуу тармагында миграциялык мыйзам бузуулар болгонбу-жокпу аныкталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9268



Добавить комментарий