Оор атлетика боюнча 2018-жылкы дүйнө биринчилиги Ашхабадда өтөт

29 ноября 2017 13:06 653 Barometr
Поделиться в:
ok
Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитети (IWF) 2018-жылкы дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алгач дүйнө биринчилиги Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок ноябрда Перу тарап мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Inside the games порталы билдиргендей, Лиманын бул чечими мелдештер өтүшү керек болгон Сан-Исидро спорттук борборунун даяр эместигине байланыштуу. Анда 2018-жылдын декабрына чейин ири спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүн эместиги кабарланган.
Быйыл сентябрда Түркмөнстан Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруу үчүн 10-15 миллиард доллар короткон. Олимпиадалык шаарчадагы ондогон объектилердин экөөсү — үстү жабылган бассейн менен аттын чоң башы —дүйнөдөгү эң ири спорттук курулуштар катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content9256



Добавить комментарий