Кыргызстанда бир сутка ичинде 7 өрт катталды
Кыргызстанда бир сутка ичинде, тактасак, 28-ноябрдан 29-ноябрга караган күнү 7 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй областында 2, Талас, Ошто 1, Жалал-Абадда 3 өрт катталган.
Кара-Балта шаарында үч кабаттуу жатаканада өрт чыгып, анын кесепетинен чатырдагы 8 чарчы метр тол күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ал эми Таластагы Өмүрбеков көчөсүндөгү «Мерседес-Гигант» автоунаасынын май куюуучу идиши күйүп кеткен. Өрттүн себеби: электр жабдыктарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы.
Майлуу-Суу шаарындагы Загородной көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыгып, кесепетинен диван, 2 шкаф, сыналгы, отургучтар, палас, одеялдар күйүп кеткен. Өрттүн себеби: тамеки чегип жатканда кылдатсыз мамиле жасоо.
Ссылка: https://barometr.kg/content9253
Добавить комментарий ×