Туугандардын уруксаты жок үйлөнгөн жаш жубайлар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

29 ноября 2017 12:05 1542 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистандын Карачи шаарында эки жаш жубайларды, туугандарынын батасын албай никеге тургандыгы үчүн өлтүрүп коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

24 жаштагы Абдула Хади менен 19 жаштагы Хасину Биби никеге туруп, үйлөнүшкөн, бирок алардын бактылуу күндөрү узакка созулган эмес.

Белгилесек, алар ноябрь айынын башында, туугандарынын уруксаты жок эле үйлөнүп алышкан. Жыйынтыгында Абдула менен Хасинунун жансыз денелери мындан бир нече күн мурун мүрзөдөн табылган.

Жубайларды өлтүрүүгө шектелип 10 адам кармалды: бул Абдулланын атасы жана үй-бүлөнүн дагы башка мүчөлөрү. Ал эми кыздын атасы изин жашырып кеткен.

 

Иликтөөчүнүн айтымында, кармалгандар «өз элибиздин маданиятын булгады» дешип, уруулар кеӊешмесинин буйругу менен, эки жашты бычактар менен өлтүргөнүн мойнуна алышкан.

Эске салсак, дээрлик 1000дей пакистандык аял жыл сайын «намысты булгап, абийирин төккөндүгү» үчүн курман болушат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9251



Добавить комментарий