Сокулук РИИБсинин кызматкерлерине иш козголуп, эки күзөтчү камалды

29 ноября 2017 11:47 597 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областындагы Сокулук райондук прокуратурасы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата, КРдын Кылмыш кодексинин 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренелери (Ишке шалаакылык мамиле жасоо) боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу КРдын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү Сокулук районунун ИИБсинин убактылуу кармоочу жайынан, талоончулук менен адам өлтүрүүгө айыпталган, кармалган А.Б., Д.Б., Б.Р., жана Д.К. аттуу 4 кылмышкер качып чыккан.

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Сокулук РИИБсинин кызматкерлери тарабынан тартип, кармоо шарттары, ошондой эле айыпталгандарды кайтаруу жана конвоирлөө тартиби одоно бузулгандыгы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган райондук ИИБсинин тергөө абагынын күзөтчүлөрү: Б.Ш. жана Д.М. кармалып, Бишкек шаарындагы ИИББсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта кылмыш иши иликтөөнүн стадиясында уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9250



Добавить комментарий