Сокулуктагы абактан качып кеткен эки киши дале изделип жатат

28 ноября 2017 11:54 523 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан качып чыккан эки кишини издөө улантылып жатат. Бул тууралуу КРдын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Эске салсак, 27-ноябрда, болжол менен эртеӊ мененки саат алтыларда, Сокулук районунун ИИБсинин убактылуу кармоочу жайынан, талоончулук менен адам өлтүрүүгө айыпталган, кармалган 4 кылмышкер качып чыккан. Алар белгисиз багытка жашынып калышкан.

Аларга издөө жарыяланып, ага Чүй областык ИИББсинин бардык жеке курамы менен ИИМнин ыкчам иликтөө кызматтары тартылган. Кечээ, 27-ноябрда, саат 23:00дө «Сирена» ыкчам планын жүргүзүү учурунда, Бишкектеги Биринчи май районунун аймагында, Сокулуктагы тергөө абагынан качып чыккан эки киши кармалган:

-  Базаркулов Рамиль Муктарбекович 16.07.1979-жылы туулган, Чүй областынын Сокулук районунун тургуну, КРдын Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча («Адам өлтүрүү») камалган.

-  Дилдешов Бакыт Чыныбекович 04.03.1979-жылы туулган, Талас областынын тургуну, Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча (Талоончулук) айыпталган.

Азыркы тапта изделип жаткандар:

- Жанботоев Кайрат Байызбекович, 23.09.1989-жылы туулган, Чүй областынын тургуну, Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча айыпталган ("Адам өлтүрүү").
Кийимдери: кара түстөгү чыптама.

- Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 22.01.1985-жылы туулган, Түркмөнстандын тургуну, «Талоончулук» беренеси боюнча камакка алынган. (Штамп, документ, печаттарды уурдоо, жок кылуу, бузуу, жашыруу). Кийимдери: ак түстөгү шапка, көк жинсы куртка.

Ссылка: https://barometr.kg/content9204



Добавить комментарий