Курманбек Бакиев: «Учуру келгенде, мекениме кайтып келем»

28 ноября 2017 11:10 1481 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев, Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялар тууралуу даректүү тасма үчүн «Хабар» телеканалына маек берди. Бул тууралуу басылмалар билдирди.

 «Үстүмдө эмне болсо ошону менен өлкөдөн чыгып кеткем. Мен, учуру келгенде мекениме кайтамын деп ишенем», - деди ал.

«Миссия миротворца» даректүү тасмасынын бөлөк анонсунда Кыргызстанды өткөөл убакта жетектеп турган Роза Отунбаева менен болгон маектен үзүндү берилди.

«Бул мезгилде мага Вашингтондон Нурсултан Абишевич (Назарбаев) телефон чалган», -деп эскерет ал.

Ошондой эле, буга чейин тармактарда фильмден дагы бир үзүндү жарыяланган болчу. Анда Кыргызстандагы ошондогу кыйын учур жөнүндө Адылбек Жаксыбеков айтып берген.

Олуттуу эле тобокелчиликтер болду ал кезде. Бул албетте, биздин мамлекеттин коопсуздугу жагынан, согуш коркунучун туудурду. Анткени биз Кыргызстан менен жакын чектешип турабыз»,-дейт Жаксыбеков.

Белгилесек, «Миссия миротворца. Кыргызский разлом» даректүү тасмасын 29-ноябрда саат 21:30да «Хабар» телеканалынан көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content9197



Добавить комментарий