Ырчы Омар каадасын жасап болочоктогу жубайын ата-энесинин колунан алып кетти

26 ноября 2017 14:18 1527 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 25-ноябрда, эстрада ырчысы Омар, болочоктогу жубайы Диананы ата-энесинин үйүнөн алып кетти. Бул тууралуу ырчы Анжелика Бекболиева соцтармакта билдирди.

Салтанаттуу кыз узатуу каадасы кечээ Бишкектеги ресторандардын биринде өттү.

Анжелика өзүнүн баракчасына ресторанда болуп жаткан тойдон тартылган сүрөттөр менен видеону жарыялады.

Кыз узатууга Омардын келинчеги ачык кызыл түстөгү үпөт көйнөгүн кийди, ал эми башына болсо, салтка ылайык, жоолук салынды.

Ресторанда залдын ортосунда ак жибектен тигилген, келинге арналган көшөгө илип кюшкан. Диана ал жактан болочоктогу күйөөсүнө Анжеликанын аткарган ырдын коштоосунда чыкты. Омар болсо Дианага кызыл түстүү роза гүлдөрүн белекке берди. Коноктор жаштарга каалоо-тилектерин айтып куттукташты.

Ал эми эки жаштын заманбап үйлөнүү үлпөт тою ушул жылдын 2-декабрына пландалып жатат. Тойго кыргыз эстрада жылдыздары чакырылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9134



Добавить комментарий