Сапар Исаков күйүүчү майлар менен көмүрдүн баасын көзөмөлдөп турууну тапшырды

25 ноября 2017 16:59 672 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 25-ноябрда, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүнүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча кеӊешме өткөрдү.

Өкмөт башчы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын, ишкерлер менен жарандардын укуктарын эске алуу менен, калыс атаандаштыктын принциптерин сактоо зарылчылыгын белгиледи.

Аталган агенттиктин директору Шухрат Сабиров, чарба жүргүзгөн субъекттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана мамлекеттик акы төлөө кызматтарына болгон бааларды макулдашуу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Ошондой эле, өкмөт башчыга, негизги тамак-аш продукциясына, жашылча-жемиш, көмүр, цемент жана күйүүчү-майлоочу майларга карата чекен баалар мониториги боюнча жүргүзүлгөн иштер туурасында отчет берилди. Премьер-министр Сапар Исаков жалпы республика, ошондой эле, ар бир аймак боюнча социалдык маанилүү товарларга болгон бааларды дайыма көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле, учурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлар менен көмүрдүн баасы жогорулап кетпешине өзгөчө көӊүл бурушу керек деди.

Буга байланыштуу Сапар Исаков майлоочу майлар менен көмүрдүн баалары негизсиз жогорулап кетпеши үчүн көзөмөлдү күчөтүүнү жана күн сайын булардын баалары боюнча мониторинг өткөрүп турууну тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9126



Добавить комментарий