Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду куттуктады

24 ноября 2017 18:06 603 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бүгүн, 24-ноябрда жаӊы президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Буга байланыштуу парламенттеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов билдирүү жарыялады: «Бийлик тынчтык жолу менен алмашылды, өлкөдө туруктуулук. Сооронбай Шарипович, бүгүн Сизге улуу миссия жүктөлдү, ал – Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн өлкөдөгү туруктуулук менен тынчтыкты бекемдөөнү улантуу. Элди гүлдөп-өнүгүү жолуна чыгаруу жана Кыргызстанда демократиялык жана укуктук мамлекеттин негиздерин түзүү. Кыргызстандын жана биздин элдин биримдиги менен бүтүндүгү – бул эӊ жогорку баалуулук, мында пикирлерибиздин окшоштугуна ишенем жана Сизди Кыргызстандын президенттик кызматына расмий киришүүӊүз менен куттуктайм!

Таза, акыйкат, жарандардын тандоосу менен эркин алга сүрөгөн башкаруучуну Кыргызстандын эли колдойт деп ишенем. А биздин Кыргызстан, мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, ири  реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдө дагы үлгүлүү мамлекет болот деп үмүттөнөм».

Ссылка: https://barometr.kg/content9107



Добавить комментарий