Астана түрк компанияларына миллиондогон доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

24 ноября 2017 08:53 509 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык арбитраждык сот Астананы түрк компанияларына 22,7 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлиги билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

2015-жылы Aktau Petrol Ticaret A.S. жана Som Petrol A.S. түрк компаниялары Казакстанды арбитраждык сотко берген. Алар Казакстандагы энчилеш компаниялары аркылуу Актау портунда мунай өнүмдөрүн сактоо кызматтарын көрсөтүп келишкен.

Түрк компаниялары мамлекеттик жана сот органдарынын аракеттеринин натыйжасында келип чыккан зыяндарды өндүрүп берүүнү сурап арбитраждык сотко кайрылышкан. Доонун суммасы – 150 миллион доллар болгон.

Алгачкы сүйлөшүүлөр учурунда ал 60 миллион долларга төмөндөтүлгөн.

Негизги соттук жараяндар быйыл жаз айларында Парижде өткөн. Соңку чечим 13-ноябрда чыккан.

Сот Aktau Petrol Ticaret A.S. компаниясынын казак сотторунун коррупцияланышканы боюнча жүйөлөрүн четке кагып, тиешелүү далилдер келтирилбегенине байланыштуу алар талап кылган сумманын баарын канааттандырган жок.

Арбитраждык сот түрк компанияларына 22,7 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул баштапкы талап кылынган сумманын 15% түзөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9067



Добавить комментарий