Атамбаев көп батирлүү үйдүн курулушуна капсула салды

23 ноября 2017 17:11 778 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү  төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды.

 Мамлекет башчысы турак жайлар  курулчу жерди кыдырып көрүп, долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев  маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы  абдан маанилүү окуя экендигин айтып,  мындай  социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Капсуланы салып, Мамлекет башчысы  көп  батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча Мамлеткеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигине тапшырма берди.

Маалымдама:  Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин тапшырмасы менен маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга  республикалык бюджеттен 340 миллион сом  бөлүнгөн. Көп кабаттуу 4 турак жай 216 батирге эсептелген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9060



Добавить комментарий