«Жерүй» кенинин аймагында алтын өндүрө турган фабриканын курулушуна капсула салынды

23 ноября 2017 15:27 871 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-ноябрда, «Жерүй» алтын кен аймагында алтын-өндүрүүчү фабриканын курулушу үчүн капсула салуу салтанаты болду. "Алтын Альянстын" башкы директорунун орун басары Муса Кольбаев аземдин ачылышында мындай курулуш долбоорлору экономиканын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деп ишенерин билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, долбоорду техникалык иштеп чыгуу бардык керектүү экспертизалардан өттү. Ишкана лицензиялык макулдашуунун бардык шарттарын аткарып жатат.

Фабриканы өз мөөнөтүндө ишке киргизүү зарыл. Шартка ылайык, 2019-жылы январь айында компания өндүрүүнү башташы керек болот, ал эми мартта ишке киргизүү керек", - дейт ведомство башчысы.

"Алтын Альянстын" башкы директору Евгений Шубин, компания лицензиялык макулдашууга ылайык, алтынды чыгаруу боюнча бардык аракетти жасайт деп ишендирди.

"Руская платина" ишканасынын башкы директору Евгений Воробейчик, «Алтын Альянстын» акционерлери курула турган фабриканы немис технологиясы менен жабдууну чечти деп кошумчалады.

"Жерүйдө» объекттерди курууда биз дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаларды колдонобуз. Учуурда подряддык уюмду тандап жатабыз, тендер өткөрүп жатабыз, биз, сапаттуу технологияга ээ болгон компанияны тандайбыз деп убада берем”,-деди ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9050



Добавить комментарий