Мусулмандар үчүн көчөдө намаз окуганга тыюу салынды

23 ноября 2017 11:39 945 Barometr
Поделиться в:
ok

Франциянын Ички иштер министрлигинин башчысы мусулмандардын намаз кылуусуна тыюу салганын билдирди.

Министр Жерар Коллон, полиция Франциянын шаарларындагы көчөлөрдө дуба кылып намаз окугандарга «жолтоо болот» деп айтты. Бул тууралуу чет элдик басылма жазды.

Коллон билдиргендей, сыртта көчөдө намаз окуганга болбойт. Муну менен бирге ал, мусулмандардын диний ырым-жырымды аткаруулары үчүн жай болушу керектигин кошумчалады.

RFI маалымдагандай, министр муну менен, 10-ноябрда, Франциянын Клиши-ла-Гаренн шаарындагы келишпестик окуясына ушундайча түшүндүрмө берген. Белгилесек, ал күнү аталган шаарда жүздөй мамлекеттик кызматкер “көчөдөгү мыйзамсыз сыйынууларды токтоткула” деп митинг уюштурушкан болчу.

Ал эми Клиши-ла-Гаренн шаарынын эл өтө турган борбордук көчөсүндө, мэриянын имаратынын жанында намаз кылган мусулмандар болсо, өз кезинде, буга каршылык көрсөтүп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9037



Добавить комментарий