Чубак ажынын «Насаат Медиа» порталы You Tube компаниясынын «күмүш баскычына» татыды

23 ноября 2017 10:23 1147 Barometr
Поделиться в:
ok

Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун «Насаат Медиа» илимий порталы You Tube компаниясынын «күмүш баскычына» татыды. Мындай маалыматты «Насаат Медиа» расмий баракчасы Instagram социалдык тармагында бөлүштү. Анда: “Аалым Чубак ажыга Аллах жолундагы талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аллах анын саламаттыгын бекемдесин жана эки дүйнөдө аны ийгиликтүү адамдардын катарында кылсын. Оомийн. Соцтармактагы биздин бардык порталга жазылгандардын баарына ыраазчылык билдиребиз. Аллах сиздерди эки дүйнөдө бактылуу кылсын жана ыйманыӊыздарды бекем кылсын.  “Насаат Медиа” командасы буюрса ишибизди Аллах жолунда уланта бермекчибиз. Дубаларыӊыздарда бизди унутпаӊыздар”,-деп билдирилген.

Белгилесек, аталган расмий порталда диний насааттар орус жана кыргыз тилдеринде жарыяланып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9027



Добавить комментарий