Депутаттар Салянованын инисинин өлүмүн иликтөө боюнча маалыматты угууну талап кылууда

22 ноября 2017 11:37 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-ноябрда, парламенттин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко укук коргоо органдарынын Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн иликтөө боюнча жүргүзгөн иштери туурасында маалыматты угууну сунуштады.

"Кечээ биз фракциянын жыйынында бул маселени карадык, бирок, жыйынга маалыматты жеткирүүдө тажрыйбасыз катардагы кызматкерлер келгендиктен, биз суроолорго жооп ала алган жокпуз. Биз Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилерин чакырган элек. Бирок алар келген эмес. Маселени күн тартибине киргизүүнү өтүнөм, фракциянын тиешелүү чечими бар", - деп чакырды Никитенко.

Спикер Дастан Жумабеков өкмөттүн парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө маалыматты көрсөтүүнү тапшырды.

Никитенко болсо маселен күн тартибине киргизилсин деп айтканынан кайткан жок.

"Бул өтө маанилүү жана резонанстуу маселе. Коомчулукта бул боюнча толтура суроолор жаралып жатат. ИИМ менен УКМК маалыматты бериши керек ", - деп нааразы болду ал.

Төрага, жыйынга чакырылган укук коргоо органдарынын жетекчилери бул маселеге даяр эмес деп жооп берди.

"Алар мага иш боюнча иликтөө жүрүп жатат дешти ", - деди спикре.

Жумабеков, регламент боюнча «Ата-Мекен» фракциясынын чечими алгач профилдик комитетке жөнөтүш керектигин эске салып, депутаттарды шашпоого чакырды.

Депутат Исхак Масалиев, регламент бул маселени палатанын жыйынында карап чыгууга уруксат берет деп айтып, "Ата Мекен" фракциясынан кесиптештерин колдоду.

"Салянованын бир тууган инисине карата жасалган мындай кылмыш иш чыны менен эле адепсиз, одоно. Куралчан бет кап кийген кишилер үйгө кирип келип адамды өлтүрүп кетишти. Парламент мындайга жоо кылууга милдеттүү. Сөзсүз убакытты белгилеп туруп укук коргоо органдарынын маалыматын угугг зарыл", - деп эсептейт Масалиев.

Төрага регламентке шилтеме жасап маселени добуш берүүгө койгон жок.

Эске салсак, ушул жылы 6-ноябрда, Бишкектеги «Көк-Жар» жаӊы конушунда бет кап кийген белгисиз адамдар Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын инисин  атып кетишкен.

Иликтөөнүн маалыматына ылайык, ошол күнү саат түнкү экилерде Бишкекте Улан Саляновдун үйүнө бет капчан адамдар кирип келип атып кетишкен. Натыйжада 42 жаштагы  Улан Салянов каза тапкан. Окуя болгон жерге милиция келген.

Туугандары, үйгө бет капчан 3-4 киши кирип келип акча талап кылышкан деп айтышкан. Үйдүн кожоюну У.Салянов алар менен айтыша кетип, натыйжада аны атышкан. Бул учурда анын 17 жаштагы уулу качып кеткен, бирок кийинчерээк ал табылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8971



Добавить комментарий