Он күн комада жаткан ымыркай Курандан сүрө окулганда эсине келген

20 ноября 2017 16:41 3809 Barometr
Поделиться в:
ok

Кызылордодо 10 күн комада жаткан наристе Курандагы сүрөлөрдү окуганда эсине келген. Бул окуя бир жарым жыл мурун болгон.

Апасы Маржан Нурмаханованын айтымында, ымыркай төрөлгөндө он күн өткөндөн кийин анын дене табы жогорулаган. Кызды ооруканага алып барышкан, ал жерде эс-учун жоготкон боюнча оор абалда 10 күн комада жаткан.

"Дарыгерлер тийиштүү деӊгээлде дарылашкан эмес. Ошон үчүн мен борбордук мечиттеги имамды чакыргам. Ал келип Курандан сүрө окуду. Ошол замат кызым өзүнө келген", - деп Маржан айтып берген.

 

Балдар бейтапканасынын дарыгерлери, бала мээси өнүкпөгөн абалда туулган деп билдиришкен. Алардын ошондой эле, имамдын ооруканага келгени эсинде жок.

Учурда Маржандын кызы эки жашка толду. Наристе азыр деле ооруп жатат. Апасы Маржан кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдардан баласынын дарылануусу үчүн жардам күтөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8901



Добавить комментарий