Атамбаев маалымат жыйында журналистке өзүнүн саатын чечип берди

20 ноября 2017 12:38 3520 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 20-ноябрда, маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кол саатын "Де факто" газетасынын башкы редактору Амантур Мусагул уулуна белекке берди.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө журналист президенттен саатын белекке беришин сураган.

Атамбаев буга макул болуп, колунан саатын чечип журналистке берген.

Андан соӊ мамлекеет башчы тамаша иретинде, маалымат каражаттардын өкүлдөрүнө анын шымын белекке берүүнү суранбоосун өтүндү.

"Мен аны белекке бере албайм", - деп тамашалады президент.

Ссылка: https://barometr.kg/content8884



Добавить комментарий